“Тигүүчү” багытындагы кыска мөөнөтүү курсунун бүтүрүү сынагы өттү

Posted on 19 июнь, 2020

“Тигүүчү” багытындагы кыска мөөнөтүү курсунун бүтүрүү сынагы өттү

Ыкчам тигүү элементтери камтылган “Тигүүчү” багытындагы кыска мөөнөтүү курсуна катышкан 13 кыз-келин бүтүрүү сынагын тапшырды. “Тигүүчү” кыска мөөнөттүү курсу – бүт өлкөдөгү жумуш менен камсыздоо кызматтары каржылаган ишсиздер үчүн курстардын бири.

Бул курстун башкалардан айырмасы - жумуш берүүчүлөр менен бирге тыгыз кызматташтыкта иштелип чыккан. Окутуунун үчтөн бир бөлүгү өндүрүштөгү устаттын колдоосунда өндүрүштө өттү. Сегиз иш берүүчү курстун мазмундук бөлүгүн, ошондой эле окуу колдонмосун иштеп чыгууга активдүү катышты. Колдонмо азыр Кыргызстандын Республикалык окуу-методикалык борбору менен макулдашуу этабынан өтүп жатат. Курсту жана окуу материалдарын иштеп чыгуу боюнча бардык жараянды Германия өкмөтүнүн колдоосу менен Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коому жүзөгө ашырып жаткан “Иш менен камсыздоого жана кесиптик билим берүүгө көмөктөшүү” кыргыз-герман долбоору колдоого алган.

Бүтүрүү сынагы практикалык бөлүктөн жана тигүү өндүрүшү жаатындагы теориялык билим боюнча тесттен турду. Практикалык бөлүктө бүтүрүүчүлөр өзүнчө түйүндөрдү даярдоо боюнча көндүмдөрүн көрсөтүштү.

Болочоктогу бүтүрүүчүлөрдөн “Бейшебаева” жана “Лика” ишканаларынын иш берүүчүлөрү сынак алышты. Иш берүүчүлөрдүн айтымында, бүтүрүүчүлөр мыкты жыйынтык көрсөтө алышты жана аларда ишке орношууга сонун мүмкүнчүлүктөр бар. Анткени тигүү иши – учурда бүт өлкө боюнча суроо-талап көп кесиптердин бири.

Бул тайпадагы 10 адамдын үчөөсү өндүрүштө жумуш тапты, калгандары ушул ай ичинде ишке орношууну көздөп жатышат. Биз аларга чоң-чоң ийгиликтерди каалайбыз!